Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы карыянын сөөгү табылды

Ал июндун аягында үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Нарын шаарында 80 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 29-июндан бери дайынсыз болуп жаткан.
"Карыяны 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары тапкан. Ал июндун аягында үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам ӨКМдин куткаруучулары жана туугандары бир нече топко бөлүнүп, суу жээктеп издешкен", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде дарыяга агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды