Бишкек мэриясы автобус алууга кайрадан тендер жарыялады

Кайра жарыяланган тендердин катышуучуларынын документтери 21-июлда каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы 100 автобус алууга кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, мэриянын Транспорт жана жол транспорту инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен Beles.kg компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Анын алкагында муниципалитет газ менен жүрө турган беш автобус алууга белсенген.
Мэрия билдиргендей, 1-июль күнү 1 миллиард сомго заманбап талаптарга жооп берген 100 автобус алууга тендер жарыяланган.

"Тендерге Beles.kg компаниясын кошкондо төрт компания катышкан. Жыйынтыгында бардык катышуучулардын тендерге тапшырган арыздары жокко чыгарылган. Анткени арыздарынан техникалык тапшырманын талаптарына жооп бербеген кемчиликтер аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, кайра жарыяланган тендердин катышуучуларынын документтери 21-июлда каралат. Анын жыйынтыгы менен жеңген компания менен келишим түзүлөрү кошумчаланды. Мэрия Beles.kg ЖЧКсы менен кол коюлган меморандумдун алкагында автобус алуу боюнча иш уланып жатканын маалымдады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу автобус чогулткан ишкана ачылган. Февралда президент Садыр Жапаров анын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Белес.kg ишканасы Кара-Балтада жайгашкан, SAE (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодуна ээ болгон. Бул нерсе өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачат.
Чүйдө жеке ишкер лифт чыгаруучу ишкана ачты. Сүрөттөр