Пресс-борбор

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында 100 млрд. сомдук долбоорлор каралууда

Директор айтылган сумма чек эместигин, ал дагы да өсүшү мүмкүндүгүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тармагындагы 100 миллиард сомдук долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул туурасында МЖӨ борборунун директору Санжарбек Болотов билдирди.
МЖӨ борборунун директору Санжарбек Болотов
Ал бүгүн Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "2022-жылы МЖӨ негизинде кандай долбоорлор ишке ашырылат" аттуу брифингге катышкан. Болотов Кыргызстанда 2022-2026-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилгенин эске салды.
"Биздин 2026-жылга чейинки пландалган долбоорлордун суммасы болжол менен 100 миллиард сом. Бул жөн гана макулдашууга кол коюу эмес, биз каралган долбоорлорду жүзөгө ашыруу планын койдук", — деди Болотов.
Ошондой эле ал айтылган сумма чек эместигин, дагы да өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалап, энергетика тармагындагы кеминде 30 миллиард, саламаттык сактоодогу 10 миллиард сомдук долбоорлорду мисал келтирди.
МЖӨ борборунун директору пландоо, конкурс жарыялоо, жыйынтыктоо, келишимге кол коюу стадиясында турган долбоорлорду атады. Анын ичинде төмөнкүлөр бар:
Күн станциясын куруу;
Ысык-Көл облусунда жемиш питомниктерин ачуу;
балык чарбасын түзүү;
Спорт сарайынын базасындагы күрөш залы;
компьютердик томографияларды орнотуу;
жолдо жүрүү үчүн жүк ташуучу унаалардан акы алуу маалыматтык системасын киргизүү;
Бишкектеги унаа токтотуучу жайларды автоматташтыруу системасы;
Канттагы бассейнди реконструкциялоо;
тиричилик, тигүү комбинаттары жана башка.
Аны менен катар түркиялык инвесторлор менен көп тармактуу оорукана куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.