БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасынан АКШны жалган айтууга күнөөлөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Алар калп айтып жатышат. Кошмо Штаттар — калптын империясы", — деген дипломат.
Бул расмий өкүлдүн Вашингтонго карата айтылган биринчи дооматы эмес. Чжао Лицзянь АКШны дүйнө тарыхында согушка ыктаган өлкө деп атап, бүтүндөй дүйнө жана анын өнүгүшү үчүн чоң коркунуч келтирерин айтып келет.