Кыргызстандык келин Түштүк Кореядагы сулуулук сынагында жеңүүчү болду. Сүрөт

Рахат Шарипова 46 жашта экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түштүк Кореяда өткөн Ms. World of Koreа эл аралык сулуулук сынагында кыргызстандык Рахат Шарипова жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын StraightNews сайты жазган.
1 / 2

Түштүк Кореяда өткөн Ms. World of Koreа эл аралык сулуулук сынагында кыргызстандык Рахат Шарипова жеңүүчү аталды

2 / 2

Сулуулук сынагы Сеул шаарында уюштурулган. Шарипова ага Түштүк Кореяда турмушка чыккан келиндер арасында өткөн Missis Universe — 2022 сынагынын жыйынтыгы менен чакырылган.

Сулуулук сынагы Сеул шаарында уюштурулган. Шарипова ага Түштүк Кореяда турмушка чыккан келиндер арасында өткөн Missis Universe — 2022 сынагынын жыйынтыгы менен чакырылган. 120 мамлекеттин сулуусу катышкан иш-чарада кыргызстандык келин алдыңкы 25 катышуучунун арасына кирген.
"Эл аралык сынактын таажысын тагынам деп такыр ойлогон эмесмин. Бул сыйлыкты алганыма абдан кубанып жатам. Балдарым муну менен сыймыктанат", — деген ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Кыргызстандагы сулуулук сынактарын уюштуруп жүргөн Рыскүл Намазбекова Рахат Шарипова 46 жашта экенин, буга чейин өлкөдөгү сынактарга да катышканын айтты.
Бишкекте "Кыргызстандын топ модели" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Сүрөт