БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. 2022-жылы 66 мектеп жаңы салынып, оңдолуп бүтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирген.
Анын айтымында, 2021-жылы 59 мектеп оңдолуп, жаңы курулган.
"Эки жылда 125 мектепти жаңылаган болобуз. Мунун ичинен 104ү жаңы курулду. Быйыл Бишкекте 15 мектеп, эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат", — деген Жапаров.
Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов мектептерди куруу боюнча мамлекеттин саясаты өзгөргөнүн айтып, быйыл колдон келишинче көбүрөөк мектеп салынарын белгилеген.