Радио

Катаганов: креативдүү индустрия паркы ишкерлерге дем берет

Экономика жана коммерция министрлигинин Ишкердик чөйрө саясаты башкармалыгынын жетекчиси Муса Катаганов креативдүү индустрия паркына кирген резиденттердин жасаган продукциясынын 90 пайызы креативдүү болушу керектигин айтты.
Sputnik
Экономика жана соода министрлиги тарабынан демилгеленген креативдүү индустрия паркы тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Бул мыйзам креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттеринин иштөө тартибин, парктын режимин калыптандыруунун, резиденттерге салык салуунун негизги принциптерин аныктайт. Бул тууралуу Муса Катаганов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам президент кол коюп расмий жарыяланган күндөн бир айдан кийин күчүнө кирет.
"Мыйзамдын кабыл алынышы улуттук экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген чыгармачыл ишкерлердин бизнесинин өсүшүнө дем берүү үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот. Кошумчалай кетсек, кабыл алынган мыйзам өкмөткө жана жеке секторго эл аралык рынокто креативдүү өндүрүштөрдү илгерилетүүгө, ошону менен өлкөгө инвесторлорду тартууга, ошондой эле чыгармачыл өнүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүүгө, Кыргызстандын чыгармачыл брендин чет өлкөлөрдө жайылтууга көмөктөшөт. Анда архитектура, ландшафт дизайны, интерьер дизайны, көркөм сүрөт искусствосу, медиаискусство, музыка, кино, видео өндүрүш, графикалык дизайн, кол өнөрчүлүк, мода индустриясы тармагында иштеген компания же жеке адамдар креативдүү индустриянын өкүлдөрү катары белгиленген. Креативдүү индустрия паркынын (КИП) негизги милдеттери болуп чыгармачылык ишкердикти колдоо аркылуу таланттарды, татыктуу, натыйжалуу иштөө үчүн өзүн-өзү ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн КРдин тарыхый жана маданий потенциалын тартуу, компаниялардын чыгармачылык жана интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын ички жана эл аралык рынокто жылдыруу, чыгармачылык ишмердүүлүк жаатындагы адистердин санын көбөйтүү үчүн илимди, чыгармачылыкты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө дем берүү — негизги багыты. Андан тышкары, парк калк арасында чыгармачыл кесиптерди жана өндүрүштөрдү жайылтууну, Кыргызстандын чыгармачыл тармактарын изилдөө, негизги тенденцияларды, маданий тажрыйбаларды жана инновацияларды изилдөө жана чыгармачыл тармактарда билим берүү долбоорлорун иштеп чыгууну көздөйт. КИПтин резидентинин ишмердүүлүгү келишимге ылайык жүргүзүлөт, аны түзүү үчүн парктын дирекциясына байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген форма боюнча арыз берет. Мында жасаган продукциясынын 90 пайызы креативдүү нерсе болушу керек. Бул эмгектер Кыргызпатент тарабынан корголот", — деди Катаганов.
Ал Жогорку технология паркынан айырмаланып креативдүү индустрия паркынын байкоочу кеңешине беш мүчөсү креативдүү индустриялардын кесиптик бирикмеси тарабынан, эки киши өкмөт тараптан дайындаларын кошумчалады.