Эки кыргызстандык постсоветтик өлкөлөрдүн мыкты, жаш 20 лидеринин катарына кошулду

МГИМО Мамдума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргелешип, мурдагы СССР өлкөлөрүнүн арасында жаш лидерлердин рейтингин түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Эки кыргызстандык — Азамат Жаманкулов менен Данияр Турусбеков постсоветтик өлкөлөрдүн мыкты, жаш 20 лидеринин катарына кошулду.
МГИМО Мамдума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргелешип, мурдагы СССР өлкөлөрүнүн арасында жаш лидерлердин рейтингин түзгөнүн "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналы жазды.
Азамат Жаманкулов — Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, 35 жашта.
Данияр Турусбеков — ЕЭКтин жаштар кеңешинин төрагасы, ЕЭКтин департаменттеринин биринин директору, 33 жашта.
Уюштуруучулар мамлекеттик сыйлыктары, эл аралык байланыштардын деңгээлин, саясий келечегин, ЖМКлардын алар тууралуу көп жазгандыгын жана чет өлкөлөрдөгү жетишкендиктерин караган.
УКМК төрагасынын орун басары алмашты