Медик: жыныстык жол менен жукчу инфекциялар сөзсүз эле катнаш аркылуу берилбейт

Гинеколог жыныстык катнаш аркылуу жукчу инфекцияга кабылган аялдар көбүнчө буга өнөктөшүн күнөөлөй турганын, болгондо дагы көзүнө чөп салды деп шектенерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялардын бардыгы эле сексуалдык катнаш аркылуу жукпайт. Бул тууралуу акушер-гинеколог Любовь Ерофеева Sputnik радиосуна берген маегинде айткан.
Ал көбүнчө жыныстык катнаш аркылуу жукчу инфекцияга кабылган аялдар буга өнөктөшүн күнөөлөй турганын, болгондо дагы көзүнө чөп салды деп шектенерин билдирди.
"Мисалы, сифилис жана трихомониаз деген оорулар түздөн-түз жыныстык жакындашуу аркылуу жугат. Айрымдары башка себептерден пайда болот. Мисалы, молочница тамактануу бузулганда, тагыраагы, ичимдик ичип, ышталган, ачуу азыктарды жегенде келип чыгат. Респиратордук ооруларга байланыштуу антибиотик ичкенден да болот. Анткени организмде бул ооруну козгогон микроб жана бактериялар жашайт", — деди гинеколог.
Цистит жана уретрит ооруларын ичеги таякчалары козгосо, уреаплазма илдетине жыныстык катнашка өтө көп баргандар кабылышы мүмкүндүгү айтылды.
Дарыгер гинеколог менен дерматовенерологго барып жыныстык жол менен жукчу оорунун келип чыгышын билсе болорун кошумчалады.
Гинеколог: жатыны тубаса жетилбей калган аялдын төрөшү кыйын. Видео