Бишкекте Чыңгыз "Дөө" кармалды

Кримтөбөл бүгүн, 15-июлда, колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Дөө" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кримтөбөл ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 15-июль күнү Бишкек шаарынын аймагынан колго түшүрүлгөн.
"Ал кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат Жумагуловдон жабыркагандарды УКМКга кайрылууга же 0312640475 телефонуна чалууну өтүндү.
Эске салсак, буга чейин Чыңгыз "Дөө" изделип жаткан. 8-июлда анын автоунаасы аткыланганы, Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөнү айтылган.
Кримтөбөл "Женго" соттон акталып, абактан чыкты