Бишкекте SinoPfarm вакцинасы менен гана эмдөө жүрүүдө. Башкасы калган жок

Учурда калаада убактылуу 70 эмдөө пункту иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы ордо калаада коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрө турган медициналык мекемелерди тизмектеп, кайсы вакциналар бар экенин айтты.
Ага ылайык, учурда калаада убактылуу 70 эмдөө пункту иштеп жатат. Алар:
Үй-бүлөлүк 10 медицина борбору, 9 структуралык мекеме жана 6 филиал;
Студенттердин шаардык бейтапканасы;
Спорттук-реабилитациялык борбор;
Темир жол ооруканасынын бейтапканасы;
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы (Спецполиклиника);
Кыргыз-түрк ооруканасы;
11 менчик медициналык борбор;
Тогуз жалпы билим берүү мекемеси;
20 медициналык амбулатория.
"SinoPfarm вакцинасы менен эмделүүнү каалагандар жогорудагы эмдөө пунктуларынын баарына бара алат. AstraZeneca, Спутник-Лайт, Moderna, Pfizer вакциналары түгөндү", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн суткада өлкөдө 85 адамдан коронавирус табылса, анын 76сы Бишкек шаарында аныкталган.
Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га ПЦР-тест арзандады