БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштыруу жыйынына катышкан жергиликтүү кабарчы билдирди.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тескемесин окуп, Шаршеевди мэриянын жамаатына, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме жетекчилерине, шаардык кеңештин депутаттарына, коомчулук өкүлдөрүнө тааныштырган.
Эске салсак, Бакыт Шаршеев буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун башкы директору болуп иштеген. 7-июлда ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, ордуна Манас Самидинов дайындалган.