Августта күн катуу ысыйбы? Бир айга карата аба ырайы

Жаан-чачындын айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормага жакын болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги август айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.
Августта абанын орточо температурасы
Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда норманын чегинде болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормага жакын болот.
Августта жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 23…25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…17 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 11…16дан 19…24 градуска жетет, күндүзү 23…28ден 32…37 градуска чейин ысыйт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде ай ичинде түнкүсүн 5…10дон 12…17 градуска чейин, күндүз 16…21ден 27…32 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, 18…20 градус жылыйт.
Ай ичинде түнкүсүн 6…11ден 13…18ге чейин, күндүз 21…26дан 30…35 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакындайт.

Ош жана Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылыйт.
Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 12…17ден 20…25ке чейин, күндүз 26…31ден 34…39 градуска дейре көтөрүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 10…15тен 16…21ге чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Жуукуда көчкөн мөңгүнү тарткан турист качууга аракет кылбаган себебин түшүндүрдү

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылыйт.
Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 12…17ден 20…25ке чейин, күндүз 26…31ден 34…39 градуска дейре көтөрүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 10…15тен 16…21ге чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 17…19 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11ден 13…18 градуска чейин, күндүз 17…22ден 25…30 градуска көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын сакталат.

Нарын облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 16…18 градус жылыйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…10дон 13…18 градуска чейин, күндүз 18…23төн 27…32 градус болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт