Министрликтер Бишкектин түштүгүнө көчүрүлөт. Архитекторлорго сынак жарыяланды

Долбоорлор 14-октябрга чейин кабыл алынат. Кыска тизмеге (шорт-лист) кирген үч долбоорго миллион сомдон берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюна административдик комплекс куруу боюнча долбоорду иштеп чыгууга сынак жарыяланды.
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдиргендей, конкурс президенттин иш башкармалыгынын алдында өтөт. Максаты — негизги мамлекеттик органдардын имараттарын бир жерге жайгаштыруу.
Буга чейин Садыр Жапаров Бишкектин борбору автотыгынга толуп кеткенин айтып, ошол себептен бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрүп, бардык министрлер бир имаратта отура турганын айткан. Ак үйдүн долбоору даяр.
Сынак бир этаптан турат. Ага лицензия жана сертификаты бар архитекторлор катыша алары айтылды.
"Долбоорлор 14-октябрга чейин кабыл алынат. Кыска тизмеге (шорт-лист) кирген үч долбоор миллион сомдон алат. Ошондой эле бешөөнүн авторлоруна сый акы катары 360 миң сомдон ыйгарылат", — деп жазылат маалыматта.
Сынактын уюштуруучуларынын телефондору — (0312) 35-30-54, 31-81-09, электрондук дареги — bga.kg@mail.ru жана uarch.kr@gmail.com.
Бишкекте 3 мектеп, бир спортзалдын курулушу башталды. Эскиздери