БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Улуттук гвардиянын 30 жылдык мааракесине карата Бишкекте "Ала-Тоо" аянты жабыла турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
16-июль күнү аянтта иш-чарага даярдык иштери жүрөт. Мындан улам саат 06:30дан 08:00гө чейин "Ала-Тоо" аркылуу автоунаалар өткөрүлбөйт. Ал эми 17-июль күнү башкы аянтта салтанаттуу иш-чара болгондуктан, кечки саат 17:00дөн 20:00гө чейин жабык болот.
Мэрия айдоочулардан келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, башка жолду алдын ала тандап алууну өтүндү.