Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын бошотулган аймактарында муниципалдык бийлик калыбына келтирилди

Россиянын Коргоо министрлиги базарлар менен шаардык кызматтар акырындык менен кадимки жашоого кайтып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Донбассты коргоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында бошотулган аймактардын бардыгында борборлоштурулган муниципалдык бийлик калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Известия" РФ Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
"Россиянын күчтөрү көзөмөлдөп жаткан бардык шаарлар менен калктуу конуштарда гуманитардык жана административдик колдоонун арты менен бүгүн борборлоштурулган муниципалдык бийлик калыбына келтирилип, соода жеткирүүлөр жолго коюлду", — деди ведомство.
Базарлар менен шаардык кызматтар кадимки жашоого кайтууда. Жай тургундар аскерлер менен биргеликте инфраструктураны калыбына келтирип жатышат.
Түндүк Корея ДЭР жана ЛЭР менен достук мамилени өнүктүрүүгө ниеттенүүдө