Шопоков шаарынын экс-мэри жана эки аткаминер кармалды

Алар жасалма документтердин негизинде жеке жактарга акчага муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын мурдагы мэри, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөр жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
"Алар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жеке жактарга акчага муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Туйгунаалы Абдраимов мүлкүн жана 15 млн. сом кайтарып берип үй камагына чыкты