Садыр Жапаров ККМдин салыктан башка үч негизги артыкчылыгын санады

Президент ККМ аппараттары бардык жерге киргизилип, контрабанда менен аёосуз күрөш болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Коррупцияны, контрабанданы жоюунун бирден-бир жолу — баарын автоматташтыруу, адам факторлорун максималдуу кыскартуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июлда, мамлекет башчынын төрагалыгынын алдында өкмөт жарым жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу отчёт берип жатат.
Жапаров өкмөт башчыга кассаны көзөмөлдөгөн машиналар (ККМ) менен иш алып барууну улантуу керектигин айтты.
"ККМ боюнча иштөөнү токтотпогула. Элге дагы түшүндүрүңүз. Бул тапшырманы аткарыңыз. Кыргызстан да электрондук төлөмдөрдүн дүйнөлүк системасына өтүшү керек. Мындан тышкары, коррупциянын, бюрократиянын ар кандай көрүнүштөрүн жокко чыгарып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө керек", — деди президент.
Садыр Жапаров ККМ аппараттарын киргизүү — бул бир гана салык чогултуу эмес экенин айтып, негизги үч артыкчылыгын санады:
түн ичинде өтүп жаткан контрабанда менен жалпы элдик күрөш;
товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл, бул баарыбыздын ден соолугубуз;
сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн кара ниет ишкерлерди тартипке чакыруу.
Садыр Жапаров ККМ аппараттары бардык жерге киргизилип, контрабанда менен аёосуз күрөш болорун кошумчалады.
Жапаров: "крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз