Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия боюнча Украина эмнеден жаңылган. Израилдик аскер экспертинин пикири

Адис украиналык саясатчылардын кыялы Россиянын баш көтөртпөй басып турган кубаттуулугунан улам аткарылбай тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Украина өзүнөн алда канча кубаттуу болгон Россияга каршы адаттагы аскердик аракеттерди тандап, алдын ала жеңиле турган стратегияга түзүп алды. Бул тууралуу израилдик аскердик стратег жана тарыхчы Мартин ван Кревельддин Welt басылмасына жазганын РИА Новости жарыялады.
Эксперт Украина бул кармашта Россияны жеңебиз деп чечип койгондугун белгиледи. Бирок украиналык саясатчылардын мындай жол менен 1991-жылдагы чек арага чыгуу боюнча кыялы Россиянын баш көтөртпөй басып турган кубаттуулугунан улам аткарылбай тургандыгын айтты.
"Танк танкка каршы, курал куралга каршы, учак учакка каршы. Мунун баары, кыязы, Россиянын чабуулун эле токтотпостон Украина аймагынан азыраак болсо да акырындап сүрүп чыгуу үчүн болгондой. Эгерде украиналык залп менен атылган окко россиялыктар азырынча ону менен жооп берип жаткандыгын эске алсак, жогоруда айтылган стратегияны "жеңилүүнүн рецепти" дегенден башка атай албайсың", — деп жазган ван Кревельд.
Анын пикирине караганда, Киев бул кырдаалда, тескерисинче, партизандык согушка кирип кете алат. Бирок баары бир Москваны ийгиликке алып келе турган башка факторлор бар, алардын арасынан Россия экономикасынын туруктуулугун жана Украина тараптагы камсыздоо боюнча жаралган көйгөйлөрдү эске алса болот.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина бийлиги кандай шартта күнү бүтөрүн ачыктады