РФ АКШ менен камактагы жарандарды алмаштыруу боюнча иш алып барууга даяр

Россия ТИМинин өкүлү азыр алмашуу боюнча сүйлөшүү иштери кандай жүрүп жатканын айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россия АКШ менен камактагы жарандарды алмашуу боюнча иш алып барууга даяр экендигин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Ал өлкө кызыл кулактык менен басым жасоого чыдабай тургандыгын айткан.
"АКШ бийлигин адам тагдыры менен ойноп, андан кызыл кулактык кылбоого чакырып, муну менен катар эле бизге басым көрсөтүү боюнча ишке ашпаган аракеттерден баш тартууга чакырабыз. Сүйлөшө турган жолдорду түзүп, иштиктүү кадамдарды жасоого да чакырып кетет элек. Башкача болушу мүмкүн эмес", — деген Захарова РИА Новостинин Россия АКШ менен камактагы жарандарды алмашуу боюнча иш алып барып жатабы деген суроосуна жооп узатып жатып.
Мындай маалыматты мурдараак Ак үй тараткан эле.
Анын айтымында, Кошмо Штаттар эмнени көздөп жатканын алгач өздөрү аңдап, түшүнүп алышы керек.
"Конкреттүү иштөө? Буга биз даярбыз. Өздөрүн пиарлап же маалыматтык кампанияларды жүргүзүү эми алардын өздөрү тандап алган иши, бирок биз андай нерселерге катышпайбыз", — деген ТИМ өкүлү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинага чындап кирише элек. Путиндин Мамдумада сүйлөгөн сөзү