Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Луганскидеги күчтөр америкалык М777 гаубицасын олжолоду. Видео

Киевди курал-жарак менен АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү камсыздоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Луганск Эл Республикасынын аскерлери америкалык М777 гаубицасын олжолоду. Бул тууралуу РИА Новости ЛЭРдин Элдик милициясынын Telegram-каналына шилтеме кылып билдирди.
"ЛЭРдин элдик милициясынын бөлүктөрү артиллериялык М777 түзүмүн олжолоду", — деп айтылган маалыматта.
Элдик милиция, андан сырткары, америкалык куралдын видеосун да тартып тараткан. Аны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналына жарыялады. ЛЭРдин асмандан чалгынчылык кылган күчтөрү, 2-армиялык корпустун бөлүгүн жок кылгандан кийин тапканы кабарланды.
Калибри 155 миллиметр болгон M777 гаубицасы менен Киевди АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү камсыздоодо. Украиналык аскерлер аны менен Донбасстагы шаарларды, поселокторду аткылап, жай жашоочулар көз жумган.
Мындан сырткары, Батыш Украинаны башка курал-жарак менен да камсыздап келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Урагандын" украиналык тарапка сокку уруп жаткан видеосу