Өкмөт быйыл Кыргызстанда 400 чакырым жолго асфальт төшөөнү убадалады

Жол оңдоо, тейлөө иштерине 17,5 миллиард сом каралганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алты жылдык иштин жыйынтыгы тууралуу отчёт берип жатып билдирди.
Ал былтыр 178 чакырым жол асфальттанганын белгиледи.
"150 миң чарчы метр аң-чөнөктөр оңдолот, 250 чакырым жолго шагыл төшөлөт. Анткени быйыл 20 миң тонна битумга 1,5 миллиард сом бөлдүк. Баткен облусу боюнча 43 объектиде жол салынып жатат. Жол фонду түзүлдү. Кыргызстандын жолдорунан тышкы карыздан кутулуу боюнча жакшы ойлорубуз бар", — деди өкмөт башчы.
Ал эми президент Садыр Жапаров 30 жылдык тарыхта биринчи жолу өлкөгө 20 миң тонна битум алып келинип, жер-жерлерде жолдор асфальтталып жатканын белгиледи.
Финансы министри Алмазбек Бакетаев жол оңдоо, тейлөө иштерине быйыл 17,5 миллиард сом каралганын, бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көптүгүн айтты. Бирок биринчи жарым жылдыкта 2,3 миллиард сомдук иштер жасалганын билдирди.
Радио
Алыраев: жыл соңуна чейин Бишкекте беш көпүрө, 60 көчө оңдолуп бүтөт