Пресс-борбор

Эксперт Кыргызстанда чакан ГЭС курууга канча каражат кетерин айтты

Долбоорлордун ушундай баасын эске алуу менен ишкерлер банк жана инвесторлорго кайрылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда чакан гидроэлектр станциясын курууга канча каражат керектелет? Бул тууралуу Кайра жаралган энергия булактарын өнүктүрүү борборунун президенти Татьяна Веденева айтып берди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Кайра жаралган энергия булактары боюнча эл аралык агенттиктин маалыматында бир мегаваттык ГЭС куруу 1,5 миллион доллардан кем болбойт. Күн нурунан жаралчу энергиянын бир мегаватты 800 миң долларга, шамалдан жаралганы 1,35 миллион долларга айланат. Ал эми биогаз орнотууга 2,5 миллион доллар сарпталат", — деди Веденева.
Анын айтымында, Кайра жаралган энергия булактарына салым жасоого белсенген ишкерлер ушул бааларды эске алып банктарга же инвесторлорго кайрылат. Деген менен каражатты кайтарууга кепилдик берүү керек, бирок бул боюнча мыйзамда мүчүлүштүктөр бар.
Пресс-борбор
Кыргызстанда кайра жаралган энергия булактарынын объектилерин ким курат? Түшүндүрмө