БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кайра жаралган энергия булактарынын объектилерин куруу боюнча күбөлүктөрдүн көбүн жергиликтүү ишкерлер алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде Кайра жаңыланган энергиялык булактар ассоциациясынын жетекчиси Элеонора Казакова айтып берген.
Кайра жаңыланган энергиялык булактар ассоциациясынын жетекчиси Элеонора Казакова
Журналист эксперттен кайра жаңыланган энергия булактарына ким (жергиликтүүлөр же чет элдиктер) инвестиция салып жаткандыгына кызыккан.
"Биз инвесторлорду бөлбөйбүз, себеби кимиси келсе да кубанып тосуп алабыз. Энергетика министрлигинин кайра жаралган энергия булактарынын объектилерин курууга берген күбөлүктөрдү негизинен жергиликтүү ишкерлер алды. Демек, бизде өзүбүздүн финансылык мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми чет элдик инвесторлор үчүн азырынча мыйзамдагы тоскоолдуктар көйгөй жаратып жаткандыктан, алар толук масштабдуу курулуш баштоого даяр эмес", — деди Казакова.
Контекст
Эксперттер "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамды Энергетика министрлигинин адистер тобу иштеп чыккандыгын, бирок президент такыр башка редакциядагы документке кол койгондугун билдиришти. Алардын айтымында, жаңы мыйзам инвесторлорду чочутат: бизнесмендерде эмитен эле суроолор жарала баштады. Жерди ижарага берүү, электр кубатын сатып алуу, мамлекеттик органдардын функциялары жана башка учурларда бири-бирине дал келбеген жерлер бар.