Жумага карата аба ырайы

15-июлга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жума күнү күндүз Ош жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +24...+29 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +36...+38, ал эми Чолпон Атада +24...+26 градуска жетери айтылды.
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы