"Ихсан" кооперативинин башчысы №1 тергөө абагына киргизилди

Жетекчи аялга алдамчылык кылган жана ага берген акчаларды жок кылып койгон деген айып тагылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин башчысы Б. А. Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Аталган райондун соту анын баш коргоо чарасын карап, шектүүнү 8-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
12-июлда кармалган Б. А. аттуу жаранга алдамчылык кылган жана ага ишенип берилген акчаларды жок кылып койгон деген айып тагылды. ИИМдин маалыматына караганда, компания кыргызстандыктарды 121,3 миллион сомдук зыян тарттырган. Кооперативдин мүлкү жана банктык эсептери иштелбей, токтотулуп турары айтылды.
"Ихсандын" мүлкү, эсеби камакка алынды. Милиция жабыркагандарды издеп жатат