ИИМ жана өкмөт мүчөлөрү Ноокен эли менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жетекчилер менен жолугушууга 300дөй жергиликтүү тургун чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов, Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун эли менен жолугушканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов, Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун эли менен жолугушканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Ага ылайык, жетекчилер менен жолугушууга 300дөй жергиликтүү тургун чогулган. Анда негизинен жайыт маселеси, соттор которулуп кетип иштер каралбай калган учурлардын бар экени, бала бакчанын жери жеке менчикке өтүп, ал жерге мечит салынганы жатканы, азык-түлүктүн кымбатташына көзөмөлдүн керектиги тууралуу маселелер көтөрүлгөн

3 / 3

Ошондой эле чогулгандар Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразы болуп, жер трансформациялоо, чек ара, күйүүчү майды темир жол менен ташуу маселелерин көтөрүп, Кочкор-Ата шаарына коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кайгуулун уюштуруп берүүнү өтүнүшкөн.

Ага ылайык, жетекчилер менен жолугушууга 300дөй жергиликтүү тургун чогулган. Анда негизинен жайыт маселеси, соттор которулуп кетип иштер каралбай калган учурлардын бар экени, бала бакчанын жери жеке менчикке өтүп, ал жерге мечит салынганы жатканы, азык-түлүктүн кымбатташына көзөмөлдүн керектиги тууралуу маселелер көтөрүлгөн.
Ошондой эле чогулгандар Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразы болуп, жер трансформациялоо, чек ара, күйүүчү майды темир жол менен ташуу маселелерин көтөрүп, Кочкор-Ата шаарына коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кайгуулун уюштуруп берүүнү өтүнүшкөн.
Бул боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов жооп берип, аталган маселени чечүүнүн жолдорун карайбыз деген убадасын берген.
Жапаров: мындан ары таза суу кен иштетүү үчүн берилбеши керек