Үйлөрдү мыйзамдаштыруу. Бишкек мэриясы 18-июлда арыздарды кабыл ала баштайт

Муниципалитет сурап билүү телефондорун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы 18-июлдан тарта жер амнистиясына туш келген объектилер боюнча арыздарды кабыл ала баштайт.
Байланыш номерлер:
Ленин акимиаты — 65-38-91, Чүй проспектиси, 315;
Биринчи май — 62-35-17, 32-51-40, Жибек Жолу проспектиси, 348;
Свердлов акимиаты — 36-03-43, Чүй проспектиси, 28;
Октябрь акимиаты — (0504) 11-01-21, Туңгуч кичирайону, 57.
Арыздар күн сайын 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
Белгилей кетсек, апрель айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар өз алдынча үй куруп алган 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат. 44 конуштагы 6 382 үй дагы амнистияга туш болгон.
Пресс-борбор
Кыргызстанда канча үй-бүлө жер тилкесин мыйзамдаштырууну күтүп жатат?