Сот өспүрүмдү зордуктоого айыпталгандардын бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын камактан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, буга чейин "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар өспүрүм кызды зордуктоо иши боюнча айыпталып жаткан эки киши айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан. Ал сот иши узак убакытка создуктурулганын да белгилеген.
Бишкек шаардык соту окуя 2013-жылы сентябрда болгонун билдирди. Жабырлануучунун энеси сотко 2015-жылы июнда кайрылган. Ошол жылы үч айдан кийин Сокулук РИИБ кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча жашы жете элек (16 жаштагы) эки адамга айып тагылган. Сот алардын баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тил катын жаздырып алган. Андан кийин тергөөдөгү кемчиликтерди карап чыгуу үчүн кылмыш иши укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

"Тергөөнүн кемчиликтери жоюлгандан кийин кылмыш иши 2018-жылы апрелде Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бир жылдан кийин Сокулук райондук соту эки айыпталуучуга карата өкүм чыгарып, бирөө 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Андан кийин райондук соттун өкүмү Жогорку Сотко чейин эки жолу даттанууга жөнөтүлгөн. Ал эми 2022-жылдын февраль айында кылмыш иши апелляциялык тартипте кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн", — деп жазылган маалыматта.

Сот кечээ, 13-июлда, айыпталуучулар күнөөлүү деп табылганын, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын билдирди.
"Кылмыш жасалган убакыттан тогуз жыл өттү. Жашы жете электерге карата (айыпталуучулар) мөөнөт эки эсеге кыскарганын да белгилей кетүү керек", — деп билдирди Бишкек шаардык соту.
Белгилей кетсек, учурда коомчулуктун көңүлүн зордукталган 13 жаштагы башка кыздын окуясы да бурууда. Ага кордук көрсөтүүгө эки милиционер айыпталып жатат.
Садыр Жапаров зордукталган 13 жаштагы кыз боюнча үн катты