Бишкекте милиционерлер 7,5 млн. сомдук баңгизат табышты

Аламүдүн районуна караштуу талаадан иттердин жардамы менен баңгизат табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкек менен Чүй облустарынан 7,5 миллион сомдук "Альфа PVP" психотроптук каражатын табышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
14-июль күнү 31 жаштагы киши кармалган. Анын үйүнөн атайын пакеттер, тараза, тыюу салынган зат куюлган бутылка табылган. Шектүү баңгизатын каяктан алганын айтып, координаттарын көрсөтүп берген. Ал ошондой эле куратору менен соцтармактар аркылуу байланышып, товарды алгандан кийин сатуу максатында катып жүргөн.
Мындан тышкары, Аламүдүн районуна караштуу талаадан иттердин жардамы менен 0,5 литрлик идиштерге куюлган "Альфа PVP" табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1,8 килограммды түзүп, 7,5 миллион сомго бааланды.
155 млн. сомдук баңгизат: Кыргызстан менен Казакстанда атайын операция өттү. Видео