Радио

Абылгазиев: өспүрүмдөр анальгетиктерди рецептсиз сатып ала албайт

Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев анальгетиктердин рецепти атайын бланкага жазып берилерин айтты.
Sputnik
Психотроптук дары-дармек көз карандылыкты пайда кылышы толук мүмкүн. Бул тууралуу Азизбек Абылгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча учурда 297 дарыкананын психотроптук дары каражаттарын сатууга уруксаты бар.
"Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгы өлкөгө дары түрүндө келген психотроптук жана баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөп, БУУнун баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине отчёт берип турат. Бардык психотроптук дары-дармектер рецепт менен сатылып, лицензиясы бар фармкомпаниялар аталган дарыларды алып келет, уруксаты бар дарыканалар гана сатууга укуктуу. Ал эми азыр өспүрүмдөрдүн анальгетиктерди рецептсиз алууга мүмкүнчүлүгү жок деп айтат элем. Себеби морфин, промедол өңдүү анальгетиктердин рецепти күлгүн кызыл түстөгү, белгилер түшүрүлгөн атайын кагазга жазылып берилет. Ал бланкалар нумерациядан өткөндүктөн дарыканалар жасалма кагазды оңой эле билип коё алат", — деди Абылгазиев.
Адис Саламаттык сактоо министрлигинин Фармацевтикалык инспекция башкармалыгы тарабынан психотроптук дарыны рецептсиз сатып алган эки учур (чоң кишилер сатып алган) катталганын кошумчалады.