Жапаров эмнеге кендерди иштетүү керектигин түшүндүрдү

Өкмөт башчы тоо-кен тармагынан ири көлөмдө салык түшүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында кендерди казбайбыз дегендерге кайрылып, аларды эмнеге иштетүү керектигин түшүндүрдү.
"Кыргызстанда бүгүнкү күнү 245 авариялык мектеп бар. Анын 110ун оңдоп бүттүк. 219 704 миң аз камсыз үй-бүлө, 710 миңден ашык пенсионер, 113 884 жакыр жашаган үй-бүлө бар. Мектептерде жыл сайын 10 миңден ашык кошумча орунга муктаждык жаралууда. Ал үчүн жылына 24 мектеп салып туруш керек. Авариялык мектептерди оңдоп, ооруканаларды жаңыртып, социалдык аярлуу катмарды азык-түлүк менен камсыз кылып турууга кошумча каржы булактар болушу шарт. Экономиканы өнүктүрүүдө тоо-кен тармагында саясатыбыз туура жолдо баратат. Экологияны бузбай экологиялык жана экономикалык багытта кендерди өзүбүз иштеткенибиз оң", — деген Жапаров.
Ал салыктын 70 пайызын "Кумтөр" бергенин белгилеп, башка кендер да бир топ киреше бере баштаганын кошумчалаган.
Акылбек Жапаров: терс божомолдорго карабай ИДП 6,3%га өстү