БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШда керектөөчү товарлардын баасы июнь айында 9,1 пайызга (жылдык эсептөөдө) өсүп, инфляциянын деңгээли соңку 40 жылдыктагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Маалыматты АКШнын Эмгек статистикасы федералдык бюросу жарыялады.
Күйүүчү май наркынын жогорулаганы биринчи кезекте инфляциянын кескин өсүшүнө түрткү болгон. Эксперттер инфляциянын деңгээли 8,8 пайыз болот деп болжоп жатышкан, бирок андан да ашып кетти. Май айынын жыйынтыгында керектөөчү товарлардын баасы жылдык эсептөө боюнча 8,6 пайызга, апрелде 8,3 пайызга өскөн.
"Соңку бир жылда энергетикалык баалардын индекси 41,6 пайызга, ал эми бензиндики 59,6 пайызга көбөйдү. Мындай өсүү 1980-жылдын мартынан бери каттала элек болчу", — деп жазылган ведомствонун маалыматында.
Федералдык резервдик система июндун ортосунда инфляция менен күрөшүү үчүн базалык ченди 1,5-1,75 пайызга көтөрүп, 1994-жылдан бери алгач жолу 75 базистик пунктуга чыкты. Ал эми июль айынын соңунда кредиттик саясатты катаалдаштырууну улантып, базалык чен дагы 50-75 пайызга жогорулаары күтүлүүдө.