Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Урагандын" украиналык тарапка сокку уруп жаткан видеосу

Украинадагы атайын операция башталгандан тарта "Ураганды" эки тарап тең колдонуп келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Донецк Эл Республикасында "Ураган" залптык октук реактивдүү тутумунун "О" курамындагылардын украиналык күчтөргө сокку уруп жаткан видеосу тарады.
РИА Новости анын кайсы жерде болгону тууралуу маалымат берди.
Ал эми кадрларды Telegram-каналына жарыялады.
Маалыматта бул жер ДЭРдин Северск шаарына жакын аймак экендиги айтылды.
"Артиллеристтердин "О" ("Отважные") курамы Северск районунун аймагындагы украиналык аскерлер турган жерди бутага алды. Алар Лисичанскидеги кармаштан кийин аталган аймакка өтүп кеткен бөлүгү болгон", — деп жазылган маалыматта.
Северодонецк-Лисичанск агломерациясы бошотулган соң Луганск жана Донецк элдик республикаларынын аскердик бөлүктөрү 11 миң тургуну бар Северскиге чабуул жасоо үчүн донецкилик фронтко жеткирилип жатканы мурда маалымдалган эле.
9К57 "Ураган" — калибри 220 миллиметр болгон советтик "Ураган" залптык октук реактивдүү тутуму. Ал 35 чакырымга чейинки аралыктагы бутага мелжей алат. Советтик армиянын Афганистандагы согушунда, Россиянын Чеченстандагы биринчи жана экинчи кармашында, Түштүк Осетиядагы чатакта колдонулган курал. Украинадагы атайын операция башталгандан тарта "Ураганды" Россия да, Украина да колдонуп келе жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ок чачкан, от чачкан "Солнцепёк". РФ Коргоо министрлигинин видеосу