Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын миллиондогон аскеринин чабуулу эч нерсеге жарабай калат. Пикир

Адистин айтымына караганда, Киев бийлигин өз планын жарыя кылып коюп, Россия бийлигине алдын ала даярданып, кооптуулукка кабылып калбаш үчүн ресурстарын жөндөп алганга шарт түзүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн түштүккө жасаган чабуулу ийгиликсиз болот, себеби командачылык өзүнүн ниети тууралуу айтып койду. Бул тууралуу Королдук институттун ага илимий кызматкери Жек Уотлингдин айтканын Independent басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Британиялык адис миллиондогон армия менен да контрчабуул жасаганга болбой турганын айтты.
"Контрчабуул кылганда адатта ыкчам, капыстан жасаш керек", — деген Уотлинг.
Анын айтымына караганда, Киев бийлигин өз планын жарыя кылып коюп, Россия бийлигине алдын ала даярданып, кооптуулукка кабылып калбаш үчүн ресурстарын жөндөп алганга шарт түзүп берди.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников The Times басылмасына маек берип жатып "өлкөнүн экономикасы үчүн өтө маанилүү" болгон "райондун түштүк жээктерин бошотуу" үчүн "батыш камсыздаган куралдар менен миллиондогон аскер күчтөрүн" түзүп жаткандыгын айткан.
Крым аймагы боюнча Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Шеремет Украина президенти Владимир Зеленский бардык фронтто жеңилип, бирок ага карабай өз мамлекетин болуп көрбөгөндөй кылып кургуйга салып жатканын белгиледи. Эл өкүлүнүн пикирине караганда, мындай буйруктар Киев режиминин саясий отто калып жатканынан кабар берет.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. РФтин Коргоо министрлиги армия биринчи этаптагы негизи тапшырманы аткарып бүткөндүгүн, тагыраагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн согуштук потенциалын бир топ алсыратканын айтышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: айына 20 миң аскерин жоготкон Украина армияга ылгабай чакырта баштады