Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украин кризисин создуктуруу Европаны кыйроого кептейт

Батышта азыркыдан да көбүрөөк зыянга учурабаш үчүн тез арада сүйлөшүүлөргө баруу зарылдыгы байма-бай айтыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Украина кризисин создуктуруу Европаны узакка улана турган экономикалык катастрофага кептейт, муну алдын алуу үчүн кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Бул тууралуу колумнист Джан Микалессиндин Il Giornale басылмасы үчүн жазганына таянып РИА Новости кабарлады.
"Россия газын жеткирүүнүн кыскарышынан улам Украинадагы кагылышууга кетчү чыгым Италияга күч келтирет, экономика жылдап рецессия абалында калат", — деп жазган автор.
Микалессиндин айтымында, Украина Россияга кыйратуучу сокку ура албайт, мындан улам Киевди колдоо Европанын жеңилери дайын болгон жаңжалга кириптер болуусун түшүндүрөт.
"Согуштук аракеттерди создуктуруунун кесепети оор болот, дүйнөлүк чыр-чатактын тобокелчилигин күчөтүп, Европаны экономикалык катастрофага кептейт", — деп жазган колумнист.
Журналист Украина согушка жарамдуу күчтөрүнөн кол жууганын, фронтко даярдыгы дээрлик жок жоокерлер жөнөтүлүп жатканын белгилеп, мындан улам НАТО куралынын майнаптуулугу жокко чыгып калып жатканына токтолгон.
Баяндамачы кагылышуунун Европага тийгизе турчу экономикалык кесепетине да көңүл бурду: аналитиктер нефтинин баасы баррелине 300 долларга чыгарын болжолдоп жатышат. Италия да россиялык газы жок каларынан кооптонуп отурат, мындай абал өлкөнү эки жылга созулган рецессияга тушуктурат. Мындан тышкары, миграциялык кризистин күчөшү толук ыктымал.
Ал эми АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги карама-каршылыктар украин каатчылыгына болгон чечкиндүүлүктү алсыратып жатканы белгиленүүдө. Анын үстүнө Батышта азыркыдан да көбүрөөк зыянга учурабаш үчүн тез арада сүйлөшүүлөргө баруу зарылдыгы байма-бай айтыла баштады.
"Эпке азыр келбесек, кийин өтө эле татаал болуп калат", — деди Микалессин.
Россиянын 24-февралда баштаган атайын операциясынан улам Вашингтон союздаштары менен Украинаны курал-жарак менен камсыздоосун улантууда. Москва батыш куралынын жеткирилиши жаңжалды создуктуруп жатканын, аны ташыган транспорт мыйзамдуу бута болуп каларын айтып келет.
АКШ президенти Жо Байден Киевге аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Конгресс сумманы өлкө башчы сураган 33 миллиарддан 40 миллиардга чейин жогорулатты. Кийинчерээк Кошмо Штаттар Киев үчүн кошумча жардамдын жаңы пакети тууралуу жар салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын миллиондогон аскеринин чабуулу эч нерсеге жарабай калат. Пикир