БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаров кызматынан кетип, анын ордуна Тимур Шабданбеков дайындалды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Апсатаровдун иштен бошотулушун башка кызматка кеткени менен байланыштуу болду.
Ал УКМКга эки жыл мурда, октябрь айында, комитеттин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев менен бир учурда дайындалган.
Ал эми кызматка келген Шабданбеков Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин учурунда УКМКнын 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт кызматынын) жетекчиси болуп иштеген.