Төө-Ашуудагы тоннель кайрадан жабылды

Жолдун ачылышы тууралуу маалыматты ӨКМдин 112 номерине чалып тактап алса болору кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тоннель 13-июль күнү саат 14:05тен тарта эки тараптуу жабылган. Учурда ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
"Урматтуу айдоочулар, жүрүп жаткан оңдоо иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз!" — деген министрлик.
Жолдун ачылышы тууралуу маалыматты ӨКМдин 112 номерине чалып тактап алса болору кошумчаланды.
Төө-Ашуудагы тоннелде автоунаа өрттөндү. Кырсыктын чоо-жайы