Ташкенттен Бишкекке каттамдардын саны көбөйтүлдү

Буга чейин Ташкенттен Бишкекке авиакаттамдар жумасына эки жолу гана аткарылчу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, июлдан тарта "Ташкент — Бишкек — Ташкент" багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды.
"Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ташкенттен Бишкекке авиакаттамдар жумасына эки жолу гана аткарылып келген.
Жайында "Ысык-Көл" аэропортунан кайсы өлкө, шаарларга учса болот? Тизме