Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

2 / 5

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады

3 / 5

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын айтышкан

4 / 5

Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырган.

5 / 5

Ошондой эле салык төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгилеген

"Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу", — деп айтылган маалыматта.
Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын айтышкан.
Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле салык төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгилеген.
Мамкурулуш: Elite House Бишкекте уруксат берилбеген жерге үй салып жатат