Россия ТИМи Украина аркылуу газды алып өтүү шартын айтты

Департаменттин директору Россия мурдагы келишим боюнча өзүнүн милдеттеринин бардыгын аткарып жаткандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эгерде Европанын суроо-талабы ушул тейде турса жана украиналык газ транспорт системасы жарактуу болсо 2024-жылдан кийин Москва Украина транзитин узартышы мүмкүн. Бул тууралуу РФ ТИМинин экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге билдирген.
Украина аймагы аркылуу өткөн көгүлтүр от транзити боюнча келишим 2024-жылы соңуна чыгат.
"Евробиримдик россиялык газдан баш тартууга багыт алгандыгын айтты. Бул Украина транзитинен баш тартып, Киевди андан түшкөн каражаттан куру жалак калтыруу дегендик. Эгерде Европанын суроо-талабы ушул тейде турса жана украиналык газ транспорт системасы жарактуу болсо, анда Россия Украина транзитин улантууну бир топ варианттардын ичинен карап көрөт", — деген Биричевский.
Ал Россия мурдагы келишим боюнча өзүнүн милдеттеринин бардыгын аткарып жаткандыгын айтып, учурда "Украина бийлиги газ ченеген "Сохрановка" станциясы аркылуу көгүлтүр отту ташуудан баш тартып, бул процессти чектеп жаткандыгын" эске салган.
Германияда бийлик россиялык газдын ордуна башкасын таба албагандыгын айтты