Путин Батышка каршы жашыруун курал таап алганы айтылды

Автордун пикиринде, Россия Батыш менен болгон экономикалык согушка туруштук гана бербестен оппоненттерин сестентип дагы койду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Азыркы Батыш мамлекеттеринин ортосунда ырк кетип, бул нерсе Россия президенти Владимир Путиндин жашыруун куралына айланды. Бул тууралуу Уолтер Рассел Мид The Wall Street Journal гезити үчүн жазды.
"Путин Батыш коомчулугунун көйгөйлөрүнөн пайдаланып, жыйынтыгында Американын дүйнөгө жайылган тартибин чөгөлөтүү ниетинде", — деп айтылат маалыматта.
Автордун пикиринде, Россия Батыш менен болгон экономикалык согушка туруштук гана бербестен оппоненттерин сестентип дагы койду. Макалада финансылык кесепеттерден чочулап калган Германия коргонууга кеткен чыгымды көбөйтүү керек деген убадасынан кайта баштаганы белгиленген.
"Өзүн экономика жана саясат жаатында күчтүүмүн деп эсептеп жүргөн Батышка караганда Путин көбүрөөк ийгиликке жетти", — деди Мид.
Ал ошондой эле Батыштын баалуулуктары дүйнөлүк коомчулукту бириктире албаганын белгилеген. Тескерисинче, Кытай, Индия, Бразилия сыяктуу мамлекеттер "Чоң жетиликке" тилектештик кылбастан Россия менен соодалашууну тандап алганын автор кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина бийлиги кандай шартта күнү бүтөрүн ачыктады