ТИМ: Москва Батыштын санкцияларына толук кандуу жооп бере элек

Биричевский Москва Батыштын санкцияларына жооп катары күчүн толук колдоно электигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва эң начар сценарийди болтурбоого аракет кылып, Батыштын каршылыкты күчөтүүгө жасаган аракетин өкүнүү менен кабыл алат. Ошол эле учурда Россия алар менен болгон мамиледе окуянын ар кандай өнүгүшүнө даяр. Бул тууралуу РФ ТИМинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге курган маегинде билдирген.
"Биз эң начар сценарийди болтурбоого аракет жасап жатабыз. Ошол эле учурда окуянын ар кандай өнүгүшүнө даярбыз. Мүмкүн болгон бардык опцияларды караштырдык. Тилекке каршы, биздин Батыштагы кесиптештер Россияга каршы турууну күчөтүүгө кызыкдар экенин көрсөтүп жатат", — деди Биричевский.
Ал ошондой эле Москва Батыштын санкцияларына жооп катары күчүн толук колдоно электигин кошумчалаган.
Байдендин Сауд Арабияга сапары ага ыңгайсыздык тартуулайт