Министр Бейшеналиев канча мектеп директору иштен кете турганын айтты

Мындан ары директорлор ар беш жыл сайын сынактан өтүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Конкурс аркылуу тандап алуу системасы киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындан ары директорлор ар беш жыл сайын сынактан өтүп турат.
"Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна беш жылдык мөөнөт берилип жатпайбы. Андыктан директорлор беш жылдык мөөнөттө өзүнүн ишин толук көрсөтө алат. Учурда өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору бар. Жакшы иштеп жаткан директорлорго тоскоолдук болбойт, конкурстан өтсө кайра ордуна дайындала алат", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал иштегенине беш жыл боло элек 1200 мектеп директоруна мөөнөтү келгенде конкурс өтө турганын кошумчалады.
Беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору иштен алынды. Сынак өтөт