БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бөйрөгү ооруп (5-стадияда), мамлекеттен жардам алып жаткан бейтаптардын саны 312ге өстү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 29-майга карата бюджеттик программа аркылуу катталып 1 757 адам гемодиализ алса, үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда 2 069га жетти. Бул аралыкта үч мамлекеттик медициналык мекемеде, 35 жеке клиникада бейтаптарга гемодиализдин 136,2 миң сеансы жасалган.
Бюджеттик программага катталуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна күнүнө орто эсеп менен 15тен арыз түшүп жатканы белгиленди.
Документтер иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат. Электрондук почта (mail@foms.kg / foms.foms@mail.ru) аркылуу жөнөтсө да болот. Кандай документтер талап кылынары туурасында фонддун www.foms.kg сайтында жазылган.
Тактоо иретинде маалымат алуу үчүн 0312 664227 номерине же 113 түз байланышына чалуу сунушталат.