Штаб: коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын көбү вакцина албагандар

Өлкөдө бир суткада дагы 39 адамдан коронавирус табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирустан улам ооруканада дарыланып жаткандардын басымдуу бөлүгү эмделген эмес. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Штаб вирус жайында күч аларын, коронавирус мутацияланып жатканын эскертип, ага каршы вакцина алууга чакырган.
Ал арада Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департамент 13-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын статистикасын жарыялады. Ага ылайык, өткөн суткада Кыргызстанда 39 адамдан вирус аныкталган.
Бишкек — 20;
Ош шаары — 4;
Ысык-Көл облусу — 3;
Ош облусу — 2;
Чүй облусу — 10.
Илдет илештиргендердин арасынан 14 адам эки ирет коронавируска каршы вакцина алган. Учурда 39 адамдын бешөө ооруканага жаткырылса, калганы амбулатордук дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 282 адам коронавирус илештирген.
Алматыда бет кап режими киргизилди