Радио

Султангазиев: түрдүү бак-дарак тигилген токойлорду көбөйтүү керек

Борбор Азия боюнча эколог Ормон Султангазиев токойлордун санын көбөйтүү аркылуу микроклиматты өзгөртүп, транспирациялык процессти жакшыртуу мүмкүндүгүн айтты.
Sputnik
Түрдүү климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу болгон токойлорду көбөйтүүдө бак-дарактардын көп түрдүүлүгүнө көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Ормон Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тараптан колдоонун жетишсиздигинен улам токой чарбасындагы абал көңүл жылытарлык эмес.
"Токой чарбасындагы акыбал көңүл жылытарлык эмес. Себеби каражаттын жоктугу экологиялык көйгөйдүн күчөшүнө алып келүүдө. Мындан тышкары, жаңы тигилген токойлорду мал тебелеп, жок кылып жатат. Малдын туягы көбөйүп, жайыттарды, токойлорду сактап калуу орчундуу маселеге айланды. Биз токойлордун санын көбөйтүү аркылуу микроклиматты өзгөртүп, транспирациялык процессти жакшыртууга жетишсек болот. Ал мөңгүлөрдүн эришин жайлатып, суунун запасын кармап турууга өбөлгө түзөт. Түрдүү климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу болгон токойлорду көбөйтүүдө бак-дарактардын көп түрдүүлүгүнө көңүл буруу зарыл. Мисалы, дүйнөдө плантациялык токойлорду түзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Европа, Австралия, Америка өлкөлөрүндө бак-дарактын бир түрүнөн курулган чарбалардын натыйжасыз экенин көрдүк. Анткени зыянкеч курт-кумурскаларга, түрдүү шарттарга да каршылык көрсөтө албай калууда. Демек, биоартүрдүүлүккө басым жасалышы керек. Токойду түзүүдө тоонун жогорку бөлүгүнө ийне жалбырактуу, ортодо жазы жалбырактуу бактарды отургузсак, төмөнкү жерине бадалдарды өстүрүү зарыл", — деди Султангазиев.
Ошондой эле адис экология жаатында илимге кызыккан жаш кадрларды тартууга көңүл буруу керектигин кошумчалады.