БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда тиешелүү документтери жок беш жырткыч канаттуу жаратылышка коё берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Бүгүн, 13-июлда, инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдүн пляждарында жана Чоң Ак-Суу, Кырчын жайлоолорунда канаттууларды, жаныбарларды мыйзамсыз пайдаланып сүрөткө түшүү кызматтарын көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгында тиешелүү документтери жок беш жырткыч канаттуу жаратылышка коё берилип, аларды кармап алган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.