БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Деңизде 19 саат калкып жүргөн кишинин өмүрүн пляж тобу сактап калган. Бул өзгөчө окуя туурасында Greek Reporter басылмасы жазган.
Түндүк македониялык үч жигит түндүк Грецияга эс алууга келип, ишемби күнү ачык деңизге чыгышкан. Туристтер ошол күндөрү жээкте суу алдындагы агымдын күчтүү экенин аңдаган эмес. Үчөөнү агым жээктен бир топ узак аралыкка алып кетип, бактыга жараша, бирөө жээкке чыгып кете алган.
30 жаштагы Иван аттуу экинчи турист ачык деңизде калкып, сууга туруштук бергенге аракет кылып жатып толкундан кандайдыр бир буюмду байкаган. Жакын сүзүп келип, чоң киши кармай ала тургандай көлөмдөгү гандбол тобун тапкан. Булгаары буюм жели чыгып калса да, кишинин салмагын көтөрүп, өмүр үчүн күрөштө жардамчы болгонго жараган. Мындай учурда жок дегенде кооптуулукта калган адам күчүн азыраак сарптайт.
Тик учак менен издеп чыккан куткаруучулар аны 19 сааттан кийин Грециянын Катерин шаарында, деңиз жээгине жакын аймактан тапкан. Калаа мэри Анастасия Халкинин айтымында, абдан чарчап-чаалыкса да алты саны аман, эч жеринен жаракат алган эмес. Жигит күчтүү суучул болгондуктан тирүү калгандыгын кошумчалаган.
Басылма 28 жаштагы үчүнчү туристтин тагдыры туурасында эч нерсе белгисиз экендигин, тагыраагы, алигиче табыла электигин жазды.