Медик: адамдын кайсы жери ооруганын эриндеринен билсе болот

Илдетке кабылган адамдын эрди түсүн өзгөртөт. Маселен, боор ооруса эрин саргыч тартып калышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эриндердин түсүнөн айрым ооруларды билип койсо болот. Бул тууралуу терапевт Лидия Голубенконун айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Медик белгилегендей, эгер эрин кадимки түсүн жоготуп, бозоруп калса, канда эритроцит менен гемоглобиндин деңгээлин текшертип коюш керек.
"Мындай белги темир, В9 жана В12 витаминдеринин жетишсиздиги менен байланышкан аз кандуулуктан кабар берет. Гемоглобин жетишпеген учурда эритроциттер териге кычкылтекти азыраак жеткирет. Мындан улам кан айлануу жакшы жүрбөй, эрин бозоруп, кургап кетет", — деген медик.
Эгер ооздун айланасы өзүнүн өңүн жоготуп койсо, дарыгерге көрүнүү сунушталды.
"Гипертония же бөйрөк ооруганда эрин ачык кызыл болуп калат. Ал эми көгөрсө, жүрөк кемтиги, миокардиттен кабар бериши ыктымал", — деген терапевт.
Боор ооруганда эрин саргыч тартып калары кошумчаланды.
Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу